Орусиядагы Карачай-Черкес республикасынын мусулмандарынын дин башкармалыгы республикада никаб кийүүгө тыюу салууну чечти. Бул тууралуу Карачай-Черкес республикасынын муфтийи, Түндүк Кавказ мусулмандарынын координациялык борборунун төрагасы Исмаил Бердиев билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
"Карачай-Черкесиянын муфтияты республикада никаб кийүүгө тыюу салуу чечимин чыгарды, шарият боюнча жүзүн толук жашырган кийимдерди кийүүгө болбойт, - деген Бердиев.
Тиешелүү чечим коопсуздук максатында гана кабыл алынганын муфтий белгиледи.
Түндүк Кавказ мусулмандарынын координациялык борбору буга чейин никаб кийүү мусулмандарга иш жүзүндө зыян келтирет жана азыр Орусияда диндер аралык, ошондой эле улуттар аралык мамилелерде келишпестикке алып келет деген тыянакка келген.
Буга чейин ушундай эле убактылуу никаб кийүүгө тыюу салууну Дагестандын муфтияты да жарыялаган.