Казакстанда Астана аттуу 24 адам жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Tengri Life сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы Казакстанда мындай ысым менен 26 адам катталса, алардын 9унун аты 1998-жылга чейин коюлган.
"Борбор калаа жарыяланган жылы, Улуттук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, 2 балага шаардын аты ыйгарылган. Мындан тышкары 5 казакстандык Астанай, 6 Нурастана жана 3 жаран Астанали ысымын алып жүрүшөт", - деп жазылат анда.
Астана шаарынын символу катары "Байтерек" монументи эсептелип, бул ысым менен 40 казакстандык жашаары айтылат.