Кытай лидери Си Цзиньпин Тажикстанга барды

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик иш сапары менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка караганда, аны аэропорттон Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон салтанат менен тосуп алды.

Эки өлкө башчысы тар жана кеңейтилген форматта жолугушууларды өткөрүшөт. Анда өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюулар күтүлүп жатат.

Буга чейин Кытайдын лидери Тажикстанга Эмомали Рахмондун чакыруусу менен барары, иш сапар 6-июлга чейин уланары маалым болгон.

Белгилей кетсек, Си Цзиньпин Душанбеге Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинен кийин учуп барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан