Германияда кырсыкта жүк ташуучу унаадан төгүлгөн 180 килограмм сырды алып кеткен полиция кызматкери жумушсуз калганын чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка караганда, ал сыр жүктөп баратып бузулган жүк ташуучу унааны кайтаруунун ордуна андагы кызматкерден сыр берүүнү суранган. Натыйжада полиция кызматкери оодарылып кеткен унаадан ар биринин салмагы 20 килограмм, баасы 554 евро болгон тогуз чоң таңгак сырды алып кеткен.
Бул иш сотто каралып, анда полиция кызматкери бул иш жүзүндө эч нерсеге арзыбай турганын, жөн гана сырды бузулуп кетүүдөн сактап калгысы келгенин билдирген. Ошондой эле ал сотто чеддар сырын жебей турганын айткан.
Бирок сот ал жорукту кызматтык кийимчен жана кызматтык курал менен нөөмөт учурунда жасаганын эске алып, күнөөлүү деп тапкан. Соттун чечими менен полиция кызматкери кызматынан четтетилген.