Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы бул сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Максат Мамытканов, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан