Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар ишканалардан кабар алды

Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Москва районунда жайгашкан “Тулпар моторс” ЖЧКсынын автоунаа чогултуучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Жапаров жеңил унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды чогултуучу заводдон чыгарылган автотранспорттор Кыргызстандын керектөөсүн камсыздап, өзгөчө автобустар мектеп окуучуларын ташууга багытталарын белгиледи.

Белгилей кетсек, ишмердүүлүгү автоунааларды чогултууга багытталган заводдун курулушу 2023-жылдын майында башталган, анын жалпы аянты 4,5 гектар жер. Жумушчулардын саны 5 жыл аралыгында 1400 адамга жетери пландалууда. Ал эми бул долбоорду ишке ашырууга инвестициянын жалпы суммасы 110 миллион долларды түзөт. Өнөктөш өлкө Өзбекстан.

Андан соң Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарында жайгашкан “Зилан Эверсун текстиль” ЖЧКсы ишке ашырып жаткан полиэстр жана лайкр кездемесин чыгаруучу ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана учурда тесттик режимде иш жүргүзүүдө. Жеке инвестициянын көлөмү 2,3 миллион доллар болсо, ал эми кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду 3,4 миллион доллар бөлгөн.

"Жылына 3,300 тонна полиэстр жана лайкр кездемесин чыгарууну пландап жаткан ишканада алдыңкы жылдары 200 жумуш оруну түзүлөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Балта шаарында жайгашкан “Кыргызалтын” ААКсынын алтын ченемдик куймаларын өндүрүү заводунун курулуш иштери менен таанышты. Долбоордун жалпы суммасы 300 миллион сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Тулпар моторс” автоунаа чогултуучу заводунун, полиэстр жана лайкр кездемесин чыгаруучу ишкананын, ошондой эле алтын ченемдик куймаларын өндүрүүчү заводдун расмий ачылыштары үстүбүздөгү жылдын июль-август айларында президент тарабынан болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан