Бүгүн, 5-июлда Садыр Жапаров Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында "Шуша" жаңы турак жай комплексине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, объекттин курулушу 8 гектар жер аянтында жүргүзүлүп, көчүп келгендерге арналган 23 имараттан турат.
Андан соң Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери менен биргеликте Шуша шаарынын курулуп жаткан борбордук мечитине барды.
Мындан тышкары шаардын тарыхый көрүнүшүн калыбына келтирүү максатында жергиликтүү архитектуралык стилде салынып жаткан калаанын борборундагы жаңы кварталды көрүп чыкты.