Бүгүн, 6-июлда президент Садыр Жапаров Азербайжандын Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйын алдында уюмга мүчө мамлекеттердин делегация башчыларын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, кечээ, 5-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барган.