Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелеринин калган тилкелерин талкуулоону улантып, жыйынтыгында жумушчу топторго бул багыттагы ишти улантуу үчүн тапшырмалар берилди.
"Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү", - деп айтылат маалыматта.