"Евро-2024": Англиянын дарбазачысы пенальтилер сериясында "шпаргалка" колдонду

Футбол боюнча Англия улуттук курама командасынын дарбазачысы Жордан Пикфорд Европа чемпиондугунун чейрек финалдык оюнунун алкагындагы Швейцарияга каршы оюнда амалкөйлүк кылды.

Тагыраагы дарбазачы суу ичкен бөтөлкөсүнүн кагазына швейцариялык футболчулар кандай учурда сокку узатат, башы менен ким мыкты ойнойт, алыскы аралыктан кайсы футболчу мыкты сокку узатат бардыгын жазып алган. Ал сүрөттөр социалдык тармактарга тарады.

Бул амалкөйлүгү менен ал пенальтилер сериясында мыкты болуп, жыйынтыгында Англия жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Англия Нидерланды курамасы менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан