"Евро-2024": Жарым финалга чыккан командалар аныкталды  

Бүгүн, 7-июлга караган түнү Футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпиондугунун жыйынтыктоочу чейрек финалдык оюндары болду.

Анда алгач Англия - Швейцария беттешинде негизги убакыт 1:1 эсебинде аяктап, пенальти тебүүдө англиялыктар алдыга чыкты (5:3).

Андан кийинки оюнда Нидерланд менен Түркия беттешип, 2:1 эсебинде Нидерланд жеңишке жетти. Күн мурун болгон чейрек финалдык беттештерде Испания - Германияны кошумча берилген убакытта 2:1 эсебинде, ал эми Франция пенальтилер сериясында Португалияны 5:3 эсебинде жеңген.

Ага ылйык, 9-июлда жарым финалда Испания Франция менен, 10-июлда Нидерланддар Англия менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан