Кыргызстан Ооганстанда өндүрүлгөн анар даамындагы газдалган "Золотая жизнь" суусундугуна тыюу салгандан кийин Өзбекстан да бул суусундукту текшере тургандыгын билдирген. Кыргызстанда текшерген учурда уулуу заттар табылганы белгиленген. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык жана калктын саламаттыгы боюнча комитетинин маалыматы боюнча, бул суусундук Өзбекстанга да ташылып келген. Санитардык-эпидемиологиялык сертификат берилип, анда ар бир партия лабораториялык текшерүүдөн өткөн. Анда суусундуктун курамында уулуу жана адамдын ден соолугуна зыяндуу заттар табылган эмес.
"Ага ылайык, учурда аталган суусундуктун үлгүлөрү иштетилип, лабораториялык текшерүүлөр көзөмөлдөнөт", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Өзбекстандын санитардык-эпидемиологиялык комитети бүгүнкү күнгө чейин калктан бул продукциянын сапаты төмөн болгондуктан жараксыз деген суроо-талаптар болгон эместигин билдирген.