Жетишилген макулдашууга ылайык, 1-июлдан 6-июлга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жолугушууда тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштары менен алмашышты.
Кийинки жолугушуу Кыргызстанда өтө турганы маалым болду.