Берлинде Түркия менен Голландиянын футбол командаларынын күйөрмандары беттештен кийин мушташа кетишти. Бул тууралуу видеолор интернет желесинде таралууда.
Видеодо оюндун акырында түркиялык жана голландиялык күйөрмандар бири-бири менен мушташкан кадрларын көрүүгө болот.
Жергиликтүү булактар учурда жабыркагандар бар же жок экендиги тууралуу билдире элек.
Эске салсак, Голландия курама командасы 2004-жылдан бери биринчи жолу Европа чемпиондугунда түрк оюнчуларын жеңип жарым финалга чыкты. Беттеш 2:1 эсеби менен аяктады.