"Титаник" жана "Аватар" тасмаларынын продюсери каза болду

Америкалык кинопродюсер, "Аватар" жана "Титаник" тасмаларындагы эмгеги менен белгилүү Жон Ландау каза болду. Ал 63 жашта болчу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын баласы Жейми Ландау Жон Лондаунун өлүмү тууралуу The Hollywood Reporter басылмасына маек курду. Анын айтымында, атасы 5-июлда каза болгон. Өлүмүнүн себеби белгисиз, бирок айрым америкалык басылмалар ал рактан улам каза болгонун жазышууда.

Жон Ландау карьерасын 1980-жылдары кино өндүрүшүнүн менеджери болуп баштаган. Андан кийин ал "Кымбатым, мен балдарды кичирейттим" (1989) жана "Дик Трейси" (1990) тасмаларына биргелешип продюсерлик кылган.

Ландау "Титаник", "Аватар" тасмалары үчүн Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн. "Аватардын" биринчи бөлүгү үчүн ал экинчи "Алтын глобус" сыйлыгын алган.

Титаник жана Аватар тасмаларындагы иши үчүн эки жолу BAFTA сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Жалпысынан Ландау 20дан ашык тасмага продюсерлик кылган. Алардын арасында: "Аэлита: согуш периштеси", "Солярис".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан