Эверест тоосунун боорунан 11 тонна таштанды чыгарылды

Непал бийлиги Эверестте жалпы тазалоону жарыялады. Алар альпинисттерди өз алдынча тазалоого милдеттендиришти, бирок алар чарчагандыктан таштандыны өз алдынча көтөрө алышкан эмес.

Непал өкмөтү каржылаган топ бир нече жума бою тоонун боорунда, базалык лагердин аймагында тазалоо иштерин жүргүзгөн. Алар 11 тонна таштанды чогултушту. Акыркы мезгилде абал жакшы жакка өзгөрүп жатканына карабастан, тоону толук тазалоо үчүн көп жылдар керек дешет.

"Таштандылардын көбү эски экспедициялардан. Акыркы экспедициялардан көп эмес, анткени бүгүнкү күндө өкмөт жана жергиликтүү бийлик тарабынан коюлган эрежелер катаал. Альпинисттер да жоопкерчиликтүү мамиле кылып калышты", - дейт ошол жерде жашаган тургундардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан