Онтариодо (АКШ) бокс кечеси өтүп, анын негизги беттешинде мексикалык жеңил салмактагы Уильям Сепеда (31-0, 27 КО) менен америкалык Жованни Кабрера беттешти.
Беттеш 12 раундга пландаштырылган, бирок үчүнчүсүндө Сепеда атаандашынын денесине, башына уруп жатып, мелдеш нокаут менен жыйынтыкталды.
Кабрера узак убакытка чейин ордунан тура албагандыктан, калыс күрөштү токтоткон.
Сепеда карьерасында 31 беттеш өткөрүп, анын 27син нокаут менен жеңип, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми Кабрера атаандаштарын 22 жолу жеңген. Бул анын экинчи жеңилүүсү.