Жеке жашоосу, карьерасы, трагедиялуу өлүмү... Орусиялык ырчы Жанна Фриске бүгүн 50 жашка чыкмак

Орусиялык ырчы жана актриса Жанна Фриске көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка чыкмак.


Ал 1974-жылдын 8-июлунда туулган. Анын жашоосуна миллиондогон адамдар кызыккан.

Миңдеген күйөрмандардын сүйүктүү ырчысын дарылоого Орусияда жана чет өлкөлөрдөн акча чогултулса да, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Фрискенин 50 жылдык юбилейинин алдында SUPER.KG порталы анын жашоосу, чыгармачылыгы жана трагедиялуу өлүмү тууралуу баяндайт.

Бала чагы

Ырчы Жанна Фрискенин атасы Владимир Фриске, апасы Ольга Копылова. Анын атасы ишкер болгон.

Мектепте окуп жүргөндө Жанна спектаклдерге активдүү катышып, көркөм гимнастика жана акробатика менен машыгып, балет студиясында жана бал бийлөө мектебинде окуган. Мектепти аяктагандан кийин Москва мамлекеттик университетинин философия факультетине кирүүгө аракет кылган, бирок сынактан өтпөй калган.

Жылды жөн эле өткөрбөө максатында Москва мамлекеттик университетинин маданият факультетине тапшырып, кийин журналистика факультетине өткөн. Эки жылдан кийин Жанна кесип тандоодо жаңылганын түшүнүп, окуусун таштап коёт. Ал кеңсе эмеректерин сатуу боюнча менеджер болуп бир аз иштегенден кийин өзүнүн сүйүктүү хоббиси менен жашоосун байланыштырууну чечип, хореографиядан сабак бере баштаган.

"Блестящие" кыздар тобу

1996-жылы 22 жаштагы Жанна Копылова чыгармачылык карьерасын "Блестящие" кыздар тобунда баштаган. Бир версия боюнча, кыз ошол кезде топтун солисти болгон. Ал аталган кыздар тобуна продюсер Андрей Грозный аркылуу кирген. Бирок алгач аны топко хореограф катары чакырып, кийинчерээк вокалист кылып койгон.


2001-жылы Фриске өзүнүн дебюттук жеке чыгармасын – "Лечу в темноту" ырын ырдап чыккан. Ырчыга коркунучтуу диагноз коюлганда, күйөрмандары композициянын "Лечу в темноту и переливаюсь на лету" деген саптарына баа беришкен.

2003-жылы "Последний герой" реалити-шоусуна катышкандан кийин ырчы "Блестящие" тобунан кеткенин жарыялаган.

Карьерасы

Фрискенин жеке карьерасындагы эң алгачкы ийгиликтеринин бири Андрей Губиндин саптарына негизделген "Ла-ла-ла" ыры болгон. Андан кийин дагы хит болгон "Где-то летом" чыгармасы менен ырчы "Жылдын ыры" наамынын жеңүүчүсү болгон. 2005-жылдын октябрында анын эки чыгармасы тең "Жанна" дебюттук альбомуна киргизилген.

Ырчы "Мама Мария" (2006) жана "А на море белый песок" (2009) композициялары менен эки жолу "Жылдын ыры" фестивалынын лауреаты болуп, 2007-жылы үч "Муз-ТВ" жана "Алтын граммофон" сыйлыгын алган.

Кинодогу ролдору

Фрискенин актёрдук дебюту 2014-жылы Сергей Лукьяненконун "Ночной дозор" илимий-фантастикалык романында башкы Алиса Донникованын ролун аткаргандыгы менен башталган. Аталган тасма Орусиянын кинотеатрындагы кассаларында чоң ийгиликке жетишип, ал тасмадагы дебюту үчүн MTV сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" наамын алган.

Жалпысынан Фрискенин фильмографиясы тогуз тасманы камтыйт. Анын эң акыркы тасмасы 2013-жылы тартылган "Одноклассники.ru: НаCLICKай удачу" тасмасы болгон.

Жеке жашоосу

Фрискенин жеке жашоосу журналисттердин кызыгуусун жараткан. Ошол себептен жеке жашоосун ар дайым жашырып, ушак-айың кептерге эч качан комментарий берген эмес.

2011-жылы Фриске телеалпаруучу Дмитрий Шепелев менен таанышкан. Алардын мамилеси бир жылдан кийин гана ачыкка чыккан. Ошондон кийин ырчы өзүнүн жеке жашоосун коомчулукка чыгара баштаган.

ЖМКлар дароо эле жакында боло турган үйлөнүү үлпөтү тууралуу жаза башташкан. Бирок Фриске ал Шепелев экөөнүн мамилесин азырынча расмийлештирүүнү пландабай турганын айткан. Жанна 2013-жылы 7-апрелде Платон аттуу уулун Майамидеги клиникалардын биринде жарык дүйнөгө алып келген.

Анын оорусу жана каза болушу

Фриске диагнозун кош бойлуу кезинде билген. Ырчыда мээсинде шишик пайда болуп, операция жасоого болбой турган глиобластома деген диагноз коюлган. Анда дарыгерлер ырчыга тез аранын ичинде химиотерапия курсун баштоону сунушташкан, бирок ал балага зыян келтирип алуудан коркуп, баш тарткан. 2013-жылдын күз айында Фриске алгач Америкада, андан кийин Германияда дарылана баштаган. Анын оорусу тууралуу биринчи кабар 2014-жылдын январь айынын башында массалык маалымат каражаттарында пайда боло баштап, бир нече күндөн кийин Шепелев расмий билдирүү жасаган.

Фрискенин оорусунун себеби тууралуу ар кандай кептер тараган. Кээ бир эксперттер мунун баары ырчы жашаруу үчүн ар кандай эмбриондук өзөк клеткаларын колдонуу менен картаюуга каршы процедуралардан улам пайда болгонун айтышса, башка адистер шишиктин өнүгүшүнө ЭКУ процедурасы түрткү болгонун айтышкан.

Анын илдети тууралуу расмий жарыялангандан кийин "Биринчи канал" каражат чогулта баштаган. Январдын аягына чейин ырчынын дарылануусуна 67 миллион рублдан ашык каражат чогулган. Орусияда эле эмес, чет өлкөлөрдө да акча чогултулган.

2014-жылдын жайында оор дарылоодон кийин Фриске майыптар арабасын таштап, Юрмалага реабилитацияга кеткен.

Латвиядан кийин Фриске дарылануусун Кытайда улантып, андан кийин Москвага кайтып келип, 2014-жылы декабрда күйөөсү жана уулу менен бирге Олимпийскийдеги жаңы жылдык шоуго катышкан.

2015-жылдын февраль айында Фрискенин абалы кайрадан начарлап кеткен. Ал эми март айында Фриске комага түшүп, 2015-жылдын 15-июнунда узакка созулган оорудан улам каза болгон. Бирок анын жолдошу Дмитрий Шепелев ал каза болгон убакта жанында болгон эмес. Дмитрий окуядан бир нече күн мурун уулу Платон менен Болгарияга учуп кетишкени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан