АКШда аномалдуу ысык күтүлүп жатат

АКШда аномалдуу ысык аба ырайы күтүлүп жатат. Бул тууралуу АКШнын улуттук аба ырайы кызматына (NWS) таянуу менен дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

NWSтин метеорологу Жейкоб Ашермандын айтымында, ысыктын жана нымдуулуктун айынан АКШнын Тынч океанынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө, орто жана түндүк-чыгыш Атлантика жээктеринде абанын температурасы +38 градус цельсиядан жогору көтөрүлүшү мүмкүн.

Аномалдуу ысыктан миллиондогон адамдар Буллхед-Сити, Аризона штатынан Норфолк, Виргиния штаттарына чейин салкындатуу борборлорун (охлаждающих центра) издөөгө мажбур болуу мүмкүндүгү айтылат.

"Биз жок дегенде жуманын ортосуна чейин созула турган аномалдуу ысыкты күтүп жатабыз", - деген Ашерман.

Жума күнү дүйнө жүзүндөгү эң ысык жерлердин бири болгон Калифорния штатындагы "Өлүм өрөөнүндө" ысыктын жаңы рекорду коюлду. Аталган аймакта абанын температурасы +52,6 градус цельсияга чейин жеткен. Синоптиктердин божомолуна карасак, "Өлүм өрөөнүнүн" улуттук паркындагы Фернес Крикде шаршембиге чейин абанын температурасы +54,4 градус цельсияга чейин жогорулашы күтүлүүдө.

1913-жылы июлда дүйнө жүзүндө расмий түрдө катталган эң жогорку температура "Өлүм өрөөнүндө" +56,67°C болгону айтылган. Бирок бул азыркы убакытка чейин талаш болуп келет. Окмуштуулар анда абанын температурасын өлчөөдө ката кеткендигин билдиришкен. Чыныгы рекорд катары 2021-жылы +54,4 градус цельсия болгону айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан