Америка Кошмо Штаттары Нигердин борбор шаары Ниамейдеги базасынан аскерлерин жана аскердик техникаларын чыгарып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн Коргоо министрликтери биргелешип билдирүү жасап, Ниамейдеги №101 аба базасынан америкалык күчтөр чыгарылып бүткөнүн маалымдашкан.
Эми тараптардын макулдашуусу боюнча АКШнын аскерлери 15-сентябрдан кечиктирилбестен өлкөнүн түндүгүндөгү Агадес шаарынан толугу менен чыгып кетиши керек.
Кошмо Штаттардын аскерлери аталган Африка өлкөсүнүн аймагынан чыгарыла турганы жаз айларында белгилүү болгон. Буга былтыр Нигердеги бийлик алмашуу себеп болгон. Жаңы келген бийлик АКШ менен болгон аскердик келишимди токтоткон.