Франциядагы парламенттик шайлоодо солчулдар жеңишке жетти

Франциядагы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында солчулдардын "Жаңы элдик фронт" коалициясы жеңишке жетип, 182 мандатка ээ болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, экинчи орунга президент Эммануэль Макрондун "Бирге" коалициясы 168 орун менен чыккан. Ал эми Марин Ле Пен менен Жордан Барделла башында турган ашкере оңчул "Улуттук биригүүсү" 143 мандат алып, үчүнчү орунду ээлеген.

7-июлда болгон шайлоонун экинчи айлампасына шайлоочулардын 66,63 пайызы катышкан. Бул 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экени белгиленип жатат. Бирок ошол эле учурда бир дагы саясий күч парламентте көпчүлүктү ала алган жок. Улуттук жыйында 577 депутат бар болсо, көпчүлүктү алуу үчүн 289 орунга ээ болуш керек.

Буга чейин 1-июлда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында ашынган оңчулдардын "Улуттук биригүүсү" алдыга чыккан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан