Израилде 26 жаштагы эркек киши "мээ жегич" амёбасын жуктуруп алып каза болгону айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда каза болгон жаран Тверия шаарындагы Гай пляжында көлгө түшкөндөн кийин амёба инфекциясынын белгилери менен ооруканага түшкөн.
"Ал 4-июль күнү дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, кусуп ооруканага түшкөн. Абалы начарлап кеткендиктен аны Петах-Тиква шаарындагы "Бейлинсон" ооруканасына которушкан.
Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги адам эс алып жаткан пляждан суунун үлгүлөрүн алып, бирок амёба инфекциясынын белгилерин тапкан эмес", - деп жазылат анда.
Аталган оорунун жөнөкөй түрү "мээ жегич" деп аталып, ал мээге инфекция алып келиши мүмкүн. Амёба суу менен бирге адамдын денесине мурун аркылуу кирери айтылат.