Эрдоган түрк футболчусунун Евро-2024 мелдешинен четтетилишине реакция кылды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган УЕФАнын түрк футболчусу Мерих Демиралды Европа чемпиондугунан четтетүүсүн турнирдин саясаты деп атады. Бул тууралуу Эрдоган Германиядан кайтып келе жаткан учакта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

26 жаштагы түрк коргоочу Мерих Демирал Евро-2024 мелдешинин 1/8 финалында Түркия менен Австриянын беттешинде көрсөткөн кыймылы үчүн УЕФА тарабынан эки оюнга дисквалификацияланган. Австриялыктарга каршы дублдан кийин футболчу Түркиянын "Боз карышкырлар" тобунун кыймылын колу менен көрсөткөн.
Түрк "Боз карышкырлар" уюму 1960-жылдардын аягында оңчул "Улуттук кыймыл" партиясынын колдоосу астында түзүлгөн. Уюмдун мүчөлөрү бир катар саясий киши өлтүрүүлөр, террордук чабуулдар, ошондой эле 1981-жылы Рим папасы Иоанн Павел IIнин өмүрүнө кол салуу боюнча айыпталган. Германияда бул топко да, анын ишаратына да тыюу салынган эмес. Бирок "Боз карышкырлар" федералдык ведомствонун көзөмөлүндө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан