"Кудай гана мажбурлай алат". Жо Байден шайлоодон баш тартпастыгын айтты

АКШнын президенти Жо Байден ABC News телеканалына берген маегинде президенттик жарыштан баш тартуу планы жок экенин айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, "бир гана кудурети күчтүү Кудай мени жарыштан чыгууга мажбурлай алат" деген.

Ошондой эле АКШ лидери атаандашы Дональд Трамп менен болгон дебаты ийгиликсиз болгонун моюнуна алып, ошол күнү өзүн жаман сезгени менен түшүндүргөн. Мындан тышкары ал ден соолугунда олуттуу кооптонуу жок экенин белгилеп, жарышта толук жеңишке жетерине ишенерин айткан.

Бул Байдендин Трамп менен болгон дебаттан кийинки алгачкы маеги болду.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан