Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн “Кытай-Евразиялык ЭКСПО” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдары, ошондой эле бизнес-коомчулук ортосунда жалпы суммасы 1,5 миллиард долларды түзгөн 40тан ашык документке кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Документтер энергетика, унаа куруу, логистика, соода жана тоо-кен сыяктуу тармактарды камтыганы айтылат.
"Кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар ишкерлер катышты. B2B форматында сунуштар жана инвестициялык долбоорлор талкууланды.
“Эки өлкө, эки Парк” демилгесинин алкагында президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, “Кыргыз почтасы” ААКсы, Кашкар экономикалык өнүгүү аймагынын Башкаруу комитети жана КЭР инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча Кашкар кытай-кыргыз компаниясы менен биргеликте бир катар долбоорлор, анын ичинде Нарын облусунда Авто жыйноочу заводдун курулушу боюнча алкактык макулдашууга кол коюшту", - деп жазылат маалыматта.
Бул долбоорлор бизнес үчүн жагымдуу шарттарды, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өлкөнүн ички рыногун пайдаланууга жана экспорт үчүн өздүк автомобилдер менен камсыз кылуу менен региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү кабарланат.