Бүгүн, 8-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрага алгач Кең-Жылга айылында жайгашкан №27 Жоро Алимов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды.
Аталган мектептин биринчи корпусу 1976-жылы курулган. Экинчи корпусу 2003-жылы ашар жолу менен салынган. Бирок авариялык абалга келип, колдонууга жараксыз деп табылган. Ага ылайык, имарат буздурулуп, ордуна жаңы мектеп куруу пландалган. Бул үчүн атайын долбоор иштелип чыгып, жаңы имаратты курууга мамлекет тарабынан 130 миллион сомдон ашуун каражат каралган.
Шакиев андан соң Кара-Суу айылында курулган Сыдык Дурсуматов атындагы спорт залдын ачылыш аземине катышты. Төрага спорт залга керектүү шаймандарды алууга жардам катары 200 миң сомдук сертификат тапшырды.
Аталган спорт залдын курулушу өткөн жылы башталып, ал үчүн мамлекеттен 22 миллион сом каралган.
Белгилей кетсек, төрага Шакиевди депутаттар Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жанар Акаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, финансы министринин орун басары Эрнист Калдыбаев, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Самат Жантелиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.