Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү маалым болду 

"Элит Хаус" компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөргөнүн бүгүн, 8-июлда Бишкек шаардык сотунан тастыктады.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун 13-июндагы чечими менен Файзиевдин үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо милдеттенмесине өзгөртүлгөн.

Буга чейин ал УКМКнын тергөө абагынан үй камагына чыгарылганы маалым болгон.

Эске салсак, Файзиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди адалдоо" беренеси менен иш козголгон. Ал былтыр 10-октябрда кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан