Москвада Матч ТВнын кызматкерин зордуктоого шектелип 3 өзбекстандык кармалды (видео)

Орусияда Матч ТВ телеканалынын кызматкерин зордуктады деген шек менен Өзбекстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу Москванын Тергөө башкармалыгына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 6-июлга караган түнү шектүүлөр мас абалында Москва шаарында жайгашкан турак-жайлардын биринин жанынан жабырлануучуга кол салышкан. Анда мигранттардын экөө ага карата зордуктоо жасаса, үчүнчүсү шериктеринин коопсуздугун камсыздап, тегеректи карап турган.

"Алардын бири качуу максатында аэропортко бараткан жолдо колго түштү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле полиция бул боюнча "Адамдардын тобу тарабынан жасалган зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

08.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан