Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында бүгүн, 8-июлда тикенектүү жапайы алтыгана бадалы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Жыйын жүрүшүндө маалым болгондой, Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9,2 миллион гектарды түзөт. Ал эми, Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жеринин жалпы аянты 472 миң гектар болсо, акыркы жылдары алтыгана бадалы өскөн жердин аянты 800 гектарга көбөйгөн. Адистердин белгилөөсүндө, тикенектүү жапайы алтыгана бадалы өскөн жайыт жерде, тоют чөбүнүн айрым түрлөрүнүн жоголуусуна алып келүүдө.
Бул багытта өкмөт башчы жыйынга катышкан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана башка мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине, бул маселенин актуалдуулугун белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.
Анда Акылбек Жапаров буга чейин бекитилген алтыгана бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын планынын негизинде дыкат иш алып барууну, күрөшүүнүн так эрежесин жана алтыгана өскөн аймактарды аныктоону, дыйкан-фермелердин айдоо аянттарына жана мал чарбачылыгы менен иш алып барган жарандардын жайыт жерлерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тиешелүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен алтыгана бадалын кайра иштетүү аркылуу жер семирткич жана тоют чыгарууну пландоодо.
Окумуштуулар болсо алтыгана бадалынын тамыры терең, тыгыз жана көп жылдык бадал экенин айтат. Ошол себептүү алтыгана бадалын биротоло жок кылбастан, анын көчөттөрүн уулу калдыктар сактоочу жайларга көчүрүүгө болору, аны менен экологияга пайдасы тиери айтылып, ошондой эле жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн башка аймактарга да көчүрүү сунушу киргизилди.