Казакстандын Уральск шаарындагы көп кабаттуу үйдөн 5 жаштагы бала кулап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 7-июль күнү кечинде болгон. Анда бала көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы терезеден кулап, алган жараатынан улам көз жумганы айтылат.
Ошол эле күнү түштөн кийин беш жаштагы бала да көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынын терезесинен кулап кеткен. Ал облустук балдар ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылып, абалы орто оордукта экени кабарланат.