Бүгүн, 9-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Орусиянын Екатеринбург шаарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Екатеринбург шаарында Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге "Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону" темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына жана көргөзмөсүнө катышат.
Мындан тышкары, Жапаров Красноярск шаарына барып, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана региондор аралык 11-конференцияга катышары күтүлүүдө.