Окумуштуулар жүрөктүн саламаттыгы үчүн эң жакшы суусундукту аташты

Австралиядагы Жаңы Түштүк Уэльс университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, чай жүрөктүн саламаттыгы үчүн эң жакшы суусундук экенин аныкташкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы Current Developments in Nutrition журналында жарыяланган.

Окумуштуулар алты популярдуу суусундуктун – чай, кофе, спирт, газдалган, энергетикалык суусундуктар жана жемиш ширелеринин организмге тийгизген таасирин изилдешкен. Алардын изилдөөсүндө чай аял кишинин да, эркек кишинин да жүрөгүнүн саламаттыгына ырааттуу оң таасирин тийгизген жалгыз суусундук болуп аныкталган.

Узак убакыт (ондогон жылдар) чай ичкен адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларынан күтүлбөгөн өлүм коркунучу 19 пайызга кыскарган.

Кофе жүрөк ооруларынын тобокелдигин төмөндөтүүдө ушундай эле таасирге ээ, бирок окумуштуулар белгилегендей, бул эффект негизинен эркектерге гана тиешелүү.

Ал эми газдалган суусундуктар жана алкоголдук ичимдиктер тескерисинче, жүрөк ооруларына алып келүүчү коркунучту жогорулатат.

Диетолог Кэрри Рукстондун айтымында, күнүнө кошумча ичилген бир чыны чай жүрөк-кан тамыр ооруларынан эрте каза болуу коркунучун төрт пайызга азайтат. Буга байланыштуу, дарыгер жаштайынан чай ичүү адатын калыптандыруу зарыл экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, чай - кан тамырларды бекемдейт, антиоксиданттар менен азыктандырат, токсиндерден тазалайт. Чай кан тамырлардын ички бетинде майлуу катмарлардын пайда болуу процессин жайлатат, ошондой эле эс-тутумдун, гипертониянын жана мээдеги кандын уюп калуу коркунучун азайтат.

Ошондой эле кара чайдын пайдалуу таасирлери иммундук системаны жана борбордук нерв системасынын иштешин жакшыртат. Бул стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Ошондой эле кара чай кант диабети менен жабыркагандарга да сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан