Түндүк Казакстанда бир үй-бүлө ууланып, балдары каза болгон. Уулануунун себеби аныкталды

Түндүк Казакстан облусунда эки баласы каза болгон үй-бүлөнүн ууланышынын себеби аныкталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Полиция буга чейин адам өлүмүнө алып келген уулануу фактысы боюнча “Санитардык эрежелерди жана гигиеналык нормаларды бузуу, шалаакылыктан улам адамдардын массалык уулануусуна жана этиятсыздыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген” беренеси боюнча иликтөө иштерин баштаган.

"Сотко чейинки иликтөө иштеринин алкагында бир катар экспертизалар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча балдардын өлүмүнө катуу нитриттен ууланганы себеп болгон. Учурда иштин бардык жагдайларын объективдүү иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирген облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Санитардык дарыгерлердин айтымында, нитриттер эт азыктары менен бирге кирет. Алар антибактериалдык жана туздалган ингредиенттерде болот.

Эскерте кетсек, 13-июнда Кызылжар районунун Надежка айылында апасы жана үч баласы ууланган. Анда 3 жашар бала менен 7 жашар кыз каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан