Терезесин ачып... Алматыда "өзгөчө жүргүнчү" ташыган айдоочунун видеосу тарады

Социалдык тармактарда Алматыда адаттан тыш жүргүнчү ташыган унаа талкууга түштү. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Анда шаар тургуну унаадагы койлорду видеого тартып, ТикТок баракчасына жүктөгөн. Ошондой эле унаанын ичи толо койлор экенин, алар узак убакыттан бери унаада жүргөнүн жана ээси терезелерди койлор тумчугуп калбашы үчүн ачып койгонун айткан.

Видео Алматыдагы "Апорт" соода борборуна жакын жерде тартылган.

Ал эми социалдык тармактын кээ бир колдонуучулары видеону тамашалуу көрсө, айрымдары койлорду аягандыктарын билдиришкен.

09.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан