Жапаров ИННОПРОМ - 2024 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусияга болгон сапарынын алкагында, аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана Беларустун премьер-министри Михаил Головченко менен бирге Екатеринбург шаарында өтүп жаткан ИННОПРОМ - 2024 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты.

Сапардын алкагында өкмөт башчылары өнөр жай, робототехника, санариптик технологиялар, машина куруу жана башка тармактарда инновациялык чечимдерди сунуштаган алдыңкы эл аралык жана орусиялык компаниялардын экспозициялары менен таанышты.

Өкмөт башчыларынын көңүлү Кыргызстандын павильонуна да бурулуп, анда инвестициялык долбоорлор жана ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары көрсөтүлдү.

Акылбек Жапаров өнөр жай тармагында тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо аянтчасы катары ИННОПРОМ көргөзмөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана ата мекендик өнөр жайга заманбап технологияларды киргизүү үчүн ИННОПРОМго катышуусун кеңейтүүгө жана анын потенциалын пайдаланууга даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан