Президенттик администрациянын имаратынын айланасында курулуп жаткан объектилер боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 540 токтому менен Чыңгыз Айтматов проспектиси, 301 дарегинде жайгашкан президенттин Иш башкармалыгынын курулуп жаткан имаратынын айланасындагы аймакты пайдаланууга карата өзгөчө талаптар, 500 метр радиуста жаңы кыймылсыз мүлктү жайгаштырууга жол бербөө жана 1 километр радиуста бийиктиги 10 метрден ашык кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоо, куруу жана башка өзгөртүүлөргө жол бербөө белгиленген.
"Жарандардын кайрылууларынын негизинде бул атайын талаптар күчүнө киргенге чейин келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору демилгеленип, анда Министрлер кабинетинин жогоруда аталган токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана атайын талаптар киргизилген учурда курулуп жаткан, бирок пайдаланууга берилбеген, ошондой эле жеке турак-жай имараттарын курууга (он метрден ашпаган) байланышкан маселелерди чечүү сунушталган.
Жыйынтыгында Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлунда №356 токтому кабыл алынган, ал расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана компетенттүү органдарга уруксаттарды жаңыртуу жана аяктаган объекттерди эксплуатацияга берүү маселелерин кароого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.