Франциянын регби боюнча командасынын оюнчулары зордуктоого шектелип кармалды

Аргентинада Франциянын регби боюнча командасынын эки оюнчусу зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 7-июлда Мендоса аймагындагы отелдердин биринде регби оюнчулары тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылдым деген кыз милцияга арыз менен кайрылган.

Азыркы тапта спортсмендер Буэнос-Айресте камакта экендиги айтылды.

Франциянын регби боюнча курама командасы Түштүк Америкада 6-июлдан 13-июлга чейин өтө турган турнирге катышууда. Франция 13-июлда Аргентина менен беттешмек.



                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан