Испаниянын футбол боюнча курама командасынын капитаны Альваро Мората жаракат алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка карганда, Испания менен Франциянын улуттук курама командаларынын беттеши аяктагандан кийин көрүүчүлөрдүн бири оюн талаасына чуркап чыккан. Капыстан чыккан күйөрманды токтотуу үчүн стадиондун бир нече коопсуздук кызматкерлери аракет көрүшкөн. Тилекке каршы, кызматкерлердин бири тайгаланып кетип Мората менен кагылышкан. Мындан улам футболчу оң бутунан жаракат алган.
Андыктан футболчунун Европа чемпиондугунун финалына катышуусу күмөн жаратууда.
Белгилей кетсек, Испания жарым финалда Францияны 2:1 эсебинде утуп алды. Эми испаниялыктар Евро-2024түн финалында Англия-Нидерланды беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.