Астана соту ырчы Кайрат Нуртаска карата административдик укук бузуу боюнча ишти апелляциялык тартипте карады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Буга чейин административдик укук бузуулар боюнча адистештирилген райондор аралык соттун чечими менен ырчы майда бейбаштык жасаган деген айып менен 15 суткага камакка алынган.
Биринчи инстанциядагы сот ырчы учактын бортунда чыр-чатак учурунда Б. аттуу жарандын ден соолугуна атайылап жеңил залал келтирип, мушташ учурунда адепсиз сөздөрдү айтканын аныктаганы кабарланат.
"Укук бузуучунун жактоочусу чечим менен макул болбогондуктан 434-берененин 2-бөлүмү боюнча даттануу менен кайрылып, ишти кароону токтотууну суранган.
Апелляциялык даттануунун ушул жылдын 9-июлундагы чечими менен биринчи инстанциянын сот актысы өзгөртүүсүз
", - деп жазылат анда.Белгилей кетсек, ырчынын 15 суткага камалганына байланыштуу анын Астанада өтө турган концерти токтотулган.