Тывада "Чагытай" балдар лагеринде эс алып жүргөн 31 бала ичеги инфекциясынын белгилери менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аймактын башчысы Владислав Ховалыг өзүнүн расмий Telegram каналы аркылуу маалымат таратты.
Республиканын саламаттыкты сактоо министринин айтымында, бир баланын абалы оор деп бааланса, калган бейтаптардын абалы туруктуу. Дагы үч бала амбулатордук дарыланууда.
Буга байланыштуу Орусиянын тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин балдардын уулануусу боюнча кылмыш ишин козгоону буйруган.