Индиянын түндүгүндө автобус менен сүт ташыган унаа кагылышып, кеминде 18 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 10-июлда эртең менен саат 5:00 чамасында эки кабаттуу автобус Бихар штатынан Нью-Дели шаарына бара жаткан жолдо болгон. Кырсыктын кесепетинен 19 адам ар кандай жаракат алган.
Ал эми жергиликтүү полиция кызматы учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген.