Орусияга караштуу Дагестан Республикасынын Муфтияты аялдарга никаб кийип жүрүүгө тыюу салып, зарыл болгон учурда жүзүн кол желдеткич же жоолугунун учу менен жаап алууну сунуштады. Бул тууралуу диний мекеменин билдирүүсүнө таянып орус басылмалары жазууда.
Маалыматка караганда, Муфтият муну никаб азыркы заманда талаш-тартыш жараткан кийим болуп жатканы менен түшүндүргөн.
"Эже-карындаштар биз кайсы маалда жана кандай мамлекетте жашап жатканыбызды түшүнүүсү керек. Эгер аял бир адамдын карап турганын байкап калса, ошол жерден кеткиче жүзүн кол желдеткич же жоолугунун учу менен жаап алса болот", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 3-июлда Дагестанда никаб кийүүгө убактылуу тыюу салынганы белгилүү болгон.