Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан алынып, анын ордуна Гулбара Абдыкалыкова дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, министрдин жаңы орун басарын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Белгилей кетсек, Гулбара Абдыкалыкова бул кызматка дайындалганга чейин "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп эмгектенип жаткан.