Биринчи айым Айгүл Жапарова иш сапары менен Беларуска барды   

Биринчи айым Айгүл Жапарова "Славян базары" Эл аралык искусство фестивалынын алкагында маданий иш-чараларга катышуу үчүн Беларуска барды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле жогорку деңгээлдеги бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

"Минск шаарынын Улуттук аэропортунан Мамлекет башчысынын жубайын Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан