Кытайда сейрек кездешүүчү 104 жыланды өлкөгө алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу аталган мамлекеттин башкы бажы башкармалыгынын билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазууда.
Маалым болгондой, ал "Футянь" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жүктөрдү декларациялоо каралбаган жашыл коридору аркылуу өтүүгө аракет кылган. Бирок бажычылар текшерүү жүргүзүп, анын шымына катылган 6 баштыктагы тирүү жыландарды табышкан.
Эми аткезчиликти уюштурган жаран Кытайдын мыйзамына ылайык жазага тартылат.