Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Facebook баракчасына камыр жууруп жаткан сүрөтүн жарыялап, билдирүү калтырган.
"Бузганды да, курганды да, камыр деле жууруганды билебиз. Кеп камырда эмес, кеп үйгө да көңүл бөлүп, бир саат болсо да жаныңда жүргөн жубайыңа жардам кылууда. Аз болсо да ошол адамдын көңүлүн көтөрүп, бир табак камырын жууруп берип, идишин жууп, үйүн шыпырып, бир саат болсо да түйшүгүн көтөрүп берүү ар бир эркектин милдети жана чын дилден сүйүүнүн белгиси", - деп жазган ал.