Дүйнөдө биринчи жолу "Жасалма интеллект сулуусу" сынагы өттү (сүрөт)

Дүйнөдө биринчи жолу "Жасалма интеллект сулуусу" сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сынакта марокколук Кенза Лейли бир жарым миң катышуучунун ичинен жеңүүчү аталып, 13 миң доллар утуп алды.

Анын Инстаграм баракчасында 199 миң катталуучусу бар. Жасалма интеллект ага жети тилде сүйлөөгө жана катталуучуларына реалдуу убакытта жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

Экинчи орунду Инстаграмда 119 миң катталуучусу бар франциялык Лалина ээледи. Ал "стилдүү образдары" аркылуу өзгөчөлөнө алган.

Үчүнчү орунду португалиялык Оливия Си багындырды. Ал Инстаграм баракчасында саякат тууралуу блог алып барат.

Калыстар сынактын катышуучуларын алардын келбетинин реалдуулугу, технологиялык чеберчилиги жана социалдык тармактарга тийгизген таасири боюнча баалашкан.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан