Уругвай менен Колумбия беттешкен Америка Кубогунун жарым финалы мушташ менен аяктаганын чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматтарга караганда, оюн 1:0 эсебинде колумбиялыктардын жеңиши менен аяктаган. Бирок беттештен соң Уругвайдын футболчулары менен атаандаш команданын күйөрмандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Азырынча массалык башаламандыктын так себептери белгисиз.
Ал эми бул көрүнүштү Түштүк Американын футбол конфедерациясы айыптап, футбол позитивдүү маанайда гана өтө турчу оюн экенин белгилеген.