Алматыда денесинен ашыкча май алдырган аял каза болду

Алматыдагы жеке клиникалардын биринде липосакция операциясынан кийин аял каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Аялдын жакындары 47 жаштагы Куралай ашыкча салмак менен күрөшүп жатканын айтышкан. Туулган күнүнө бир жума калганда аял радикалдык трансформациядан өтүүнү чечип, липосакцияга макул болгон. Операция болуп бүткөндөн бир нече сааттан кийин ал ооруканада көз жумган.

Анын өлүмүнүн себеби - курч миокарддын инфаркты. Бирок жакындары буга чейин Куралайдын дени сак экенин айтышкан. Ошондой эле алар милицияга арыз менен кайрылышканын билдиришти.

Туугандарынын айтымында, бейтаптын абалы эмне үчүн кескин начарлап кеткенин дарыгерлердин эч кимиси так түшүндүрө алган эмес. Анын үстүнө алар анын каза болгонун бир нече сааттан кийин, байланышпай калганда билишкен. Ал убакта сөөк өлүкканага жеткирилген.

Полиция "Медицина кызматкеринин кесиптик милдеттерин так аткарбагандыгы" беренеси боюнча иликтөө иштерин баштаган.

Белгиленгендей, эгер дарыгерлердин күнөөсү далилденсе, алар белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 4 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан