Колумбиялык ырчы Шакира Америка кубогунун финалдык беттеши башталар алдында ырдай турганын ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Эскерте кетсек, чечүүчү беттеште Аргентина менен Колумбия курама командалары кубок үчүн күч сынашат.
Оюн АКШнын Майами шаарындагы 65 миңдей көрүүчүгө ылайыкталган "Hard Rock" аренасында өтөт. Финал 14-июлдан 15-июлга караган түнү Кыргызстандын убактысы боюнча 04:00дө болот.